• 88.68
  • 95
  • 0.95

Арабаев атындагы университетте Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган "Тарыхый эс-тутум элдердин биримдигинин фактору катарында" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.

Конференциянын жүрүшүндө Кыргызстандын тарыхындагы урунттуу учурларды изилдеген окумуштуулар тарабынан баяндамалар жасалды. Андан тышкары, коомдук ишмер, окумуштуу Роза Айтматованын "Тарыхтын актай барактары" китебинин бет ачары болду.

Иш-чаранын соңунда суроо-жооптор жана кызыктуу талкуу болуп, катышуучулар тарабынан бир катар жакшы ой-пикирлер, сунуштар айтылды.

Конференциянын ишине Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Арабаев атындагы КУМнун ректору Айгүл Абдраева, ЖК депутаттары жана бир катар көрүнүктүү окумуштуулар катышты.

Илимий-практикалык конференция Э. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту жана Борбордук Азиядагы Конрад Аденауэр атындагы фонду тарабынан уюштурулду.


Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-8-ноябрь – “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнү деп жарыяланып, бул тууралуу 2017-жылдын 26-октябрында атайын жарлык чыккан.

Пикир

Оставить комментарий