• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ажылык – 2024: Алгачкы төлөмдү кабыл алуу токтотулду

Коом 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Келерки жылы ажылык зыяратка барчулардан алгачкы төлөмдү кабыл алуу токтотулду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрь, саат 09:00гө карата ажылыкка барууну каалаган 6 миң 524 киши 2 миң доллар өлчөмүндөгү баштапкы төлөм жана 1000 сом кайтарымсыз акча каражатын өлкө аймагындагы "РСК Банк" банкынын филиалдарына төктү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ажылыкка каттоо жана банкка баштапкы төлөм төгүү 9-ноябрда башталган.

Эске салсак, 2024-жылы Кыргызстанга ажылыкка баруучулар үчүн 6600 квота бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий