• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия кубогу: Кыргызстандын пляж футболу боюнча курамасы Таиландга учуп кетти

Спорт 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын пляж футболу боюнча курама командасы Азия кубогуна катышуу үчүн Таиландга учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын футзал ассоциациясынан билдиришти.

Мелдеш 16-26-мартта Паттая шаарында өтүп, Кыргызстан Оман, Кувейт жана Палестинанын курамалары менен ойнойт.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын пляж футболу боюнча курама командасы 1-9-март аралыгында Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйынын өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий