• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия кубогу: Кыргызстандын жаштар курамасы Кытайдын командасы менен тең чыкты

Спорт 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Өзбекстанда өтүп жаткан Азия кубогунун үчүнчү беттешинде Кыргызстандын жаштар курамасы (U-20) Кытайдын командасы менен оюн талаасына чыкты. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Оюн Ташкенттин “Жар” стадионунда өттү.

Эки команданын беттеши 1:1 эсебинде аяктап, Кыргызстандын жаштар курамасы 1/4 финалга чыкпай калды.

Азия кубогу 1-мартта башталган, 18-мартка чейин уланат. Ага 16 команда катышууда.

Пикир

Оставить комментарий