• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Азия оюндары: Карате боюнча спортчу Адилет Шадыканов финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 06.10.23./Кабар/. Кыргызстандын карате-до боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Адилет Шадыканов Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты.

Спортчу 84 кг жогоркулар арасында беттешип, алгач непалдык спортчуну 5:1 эсебинде жеңди. Ал эми жарым финалда сауд аравиялык атаандашын утуп, финалга чыкты.

Адилет Шадыканов финалда ирандык спортчу Саджад Ганжзаде менен кез келет. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталмакчы.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий