• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн кыргыз-казак дипмамилелеринин түзүлгөнүнө 30 жыл толду

Саясат 0

Бишкек, 15.10.22 /Кабар/. Бүгүн, 15-октябрда кыргыз-казак мамилелери үчүн маанилүү дата – Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы белгиленет.

КР ТИМден билдиришкендей, бул юбилейлик датага карата Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди өз ара куттуктоо каттары менен алмашты.

«Ушул кыска отуз жылдын ичинде биз кыргыз-казак мамилелеринин чыныгы көрүнүктүү пайдубалын түзө алдык, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы союздаштыкка жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген бекем ынак коңшулук жана достук байланыштарын түзө алдык» - деп айтылат министр Жээнбек Кулубаевдин кайрылуусунда.

Эки мамлекеттин ортосунда саясий диалогдун жогорку деңгээли сакталып жатканы, жыл өткөн сайын өз ара соода жана инвестициянын көлөмү көбөйүп, ишкердик, илимий жана маданий байланыштар активдешип жатканы жана эки өлкөнүн жана элдердин кызыкчылыгында биргелешкен күч-аракеттери менен бул бекем байланыштар мындан ары да бекемделе берери белгиленет куттуктоодо.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясий ведомстволорунун жакшы координацияланган жана конструктивдүү иши өз ара кызыгууну жараткан бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары кеңейишине жана динамикалуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүнө ишеним артканы маалымдалат.

Мындан тышкары, министр Мухтар Тлеубердиге чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине – тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Өз куттуктоосунда Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди белгилегендей, отуз жылдын ичинде Кыргызстан менен Казакстан эки тараптуу кызматташууда, ошондой эле аймактык жана көп тараптуу форматтарда өз ара аракеттенүүдө олуттуу натыйжаларга жетишти.

Ошондой эле казак министри Казакстан менен Кыргызстан азыркы этапта мамлекеттер аралык кызматташуунун бардык багыттары боюнча ийгиликтүү жана прогрессивдүү өнүгүүнүн, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында жемиштүү кызматташуунун үлгүсү экенин белгиледи. Ошол эле учурда эки элдин ортосундагы салттуу боордоштук жана ынак коңшулук мамилелеринин сакталышы казак-кыргыз кызматташтыгынын бекем пайдубалы болуп саналат.

Мухтар Тлеуберди эки өлкөнүн ортосундагы ишенимге жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген союздаштык жана боордоштук мамилелер Кыргызстан менен Казакстандын элдеринин кызыкчылыгында мындан ары да өнүгө берерине ишенимин билдирет. Ал Жээнбек Кулубаевге чың ден соолук жана мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине – тынчтык жана жаратмандык каалайт.

Пикир

Оставить комментарий