• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бөкөнбаев – Көл-Төр – Дөң-Талаа унаа жолунунун 5 км аралыгы асфальтталууда

Коом 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев – Көл-Төр – Дөң-Талаа унаа жолунда асфальт-бетон төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, план боюнча аталган жолдун 5 чакырым аралыгына асфальт төшөө каралган, учурда 4,4 км асфальт-бетон төшөлдү.

Жолду асфальттоо иштерин "Кыргызавтожол" МИнин Ысык-Көл филиалынын №33 Жол тейлөө ишканасы аткарууда.

Пикир

Оставить комментарий