• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖАК: Түзөтүү мекемесине баңгизатын жашыруун алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемесине баңгизатын жашыруун алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.

Ведомстводон белгилешкендей, ЖАК кызматкерлери тарабынан үстүбүздөгү жылдын 17-январында С.Н.Э. аттуу жаран кармалган. Андан жалпы салмагы 70,12 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты (болжолдуу марихуана) бар 3 түрмөк табылган.

Кармалган С.Н.Э баңгизатын аталган мекемеде жазасын өтөп жаткан Б.Н.К. аттуу соттолгон адамга жашыруун өткөрүп берүүнү көздөгөнүн мойнуна алды.

Чогулган материалдар мындан ары биргелешип иликтөө үчүн Сокулук райондук милициясына өткөрүп берилди.

Жазаларды аткаруу кызматы бардык жарандарга жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги кармалып турган адамдарга тыюу салынган буюмдарды бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий