• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бабанов президенттикке талапкер катары катталды

Шайлоо 2017 0

БИШКЕК, 16.08.17. /Кабар/. КР президенттигине талапкерлигин коюп, арыз берген "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов бүгүн БШК тарабынан талапкер катары катталды.

Ө.Бабанов мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүп, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төгүп, талап кылынган 30 миңден ашык кишинин колу коюлган тизмени тапшырганы белгилүү.

Буга чейин КР БШК "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариевди талапкер катары каттаган.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий