• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БШК прокуратура жана укук коргоо органдары менен биргелешкен аракеттери боюнча тренинг өткөрдү

Шайлоо 2017 0

БИШКЕК, 16.08.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын шайлоо жанан референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы БУУӨП, ЕККУнун колдоосу менен “Жарандык платформа” КФ менен биргеликте 2017-жылдын 15-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн алкагында прокуратура жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү менен тренингдин серияларын өткөрдү. “2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү ишинин алкагында шайлоо мыйзамдарын бузууга каршы аракеттер боюнча укук коргоо органдары менен шайлоо комиссияларынын биргелешкен аракеттери” аттуу темада 17-июлдан 4-августка чейин республиканын бардык облустук борборлорунда өткөрүлдү. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Окутуу процесси учурунда: прокуратура, укук коргоо органдарынын жана шайлоо комиссияларынын биргелешкен аракеттери, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик (административдик, кылмыш);шайлоо укугун коргоо боюнча сотто каралуунун өзгөчөлүгү сыктуу маселелер каралды.
Тренингдин жыйынтыгы боюнча катышуучулар шайлоочуларды сатып алууга, административдик ресурсту пайдаланууга, ошондой эле шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуш, пикирлерди иштеп чыгышты. Ушул сунуш жана пикирлер КР БШКнын кызматкерлери тарабынан талданып, эске алынат.
Белгилеп кое турган нерсе, бардыгы болуп 9 тренинг өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын прокуратура жана ички иштер органдарынын 304 кызматкери катышты.

Пикир

Оставить комментарий