• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ак-Талаа тургундары: Сооронбай Жээнбеков президенттикке даяр

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 18.09.17 /Кабар/. Атайын кездешүү үчүн келген Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду Нарын облусунун Ак-Талаа районунун шайлоочулары жылуу тосуп алышты. Талапкер премьер болуп турганда Ак-Талаага иш сапары менен келип кеткенин, райондун башкы көйгөйү жол маселеси болуп тургандыгын айтты. Өкмөт башчысы кезинде бул максатка бюджеттен быйыл 730 млн. сом бөлүнгөнүн, анын ичинде Ак-Талаа районундагы “Ак-Талчат-Казарман” жолундагы көпүрөнү оӊдоого жеке 50 млн. сом бөлдүргөнүн, аталган көпүрө жакын арада бүткөрүлө тургандыгын белгилеп өттү. Төмөндө Ак-Талаа районунун айрым жашоочуларынын ой-пикирин жарыяладык.

Нуржамал Жапаркулова, район тургуну:

- Кудайга шүгүр, акыркы жылдары мектептер салынып, эскилери ремонттолуп, айылдын жолдору оңдолуп, айтор, социалдык инфраструктура жакшырып баратат. Мен ɵзүм фельдшер болуп иштейм, бизге быйыл Сооронбай Жээнбеков ɵкмɵт башчы болуп турганда жаңы ФАП курулду. Президент болуп калса ушундай жакшы иштерди улантып, айылдарга бала бакчаларды куруп, пенсия, жɵлɵкпулдарды кɵбɵйтсө дейм. Себеби, кɵптɵгɵн үй-бүлɵлɵргɵ социалдык тɵлɵмдɵр чоң колдоо болуп келет. Жеке менде бул киши президент болуп калса, ɵкмɵт башчы кезиндегидей эле натыйжалуу, жигердүү иштейт деген ишеним бар. Ошол үчүн шайлоодо аны колдоону чечтим.

Кенжегүл Карагулова, район тургуну:

- Сооронбай Жээнбеков айыл элин кубантып кетти. Анткени, райондо кɵптɵн бери чечилбей келаткан кɵпүрɵ маселеси бар. Мына ошол кɵпүрɵ кɵйгɵйү 1 жумада оң жагына чечилерин убада кылды. Мындан сырткары, Нарын - Баетов жолунун курулушу эмдиги жылы башталып, буюрса даңгыраган жолдо жүрүп калат экенбиз. Ошондой эле ал ɵлкɵ башчысы болуп калса, мугалимдердин, дарыгерлердин жана бюджетте иштегендердин маяналарын кɵтɵрүүгɵ ɵзгɵчɵ кɵңүл бурарын белгилеп кетти. Негизи Сооронбай Жээнбеков ɵкмɵт башчы катары жакшы иштегени айтылып, жазылып жатат. Ага добушубузду берсек, жаңылбайбыз деп ойлойм.

Назарбек Барыктабасов, район тургуну:

- КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековдун программасын, максаттарын уктук. Бул кишиге ишенсе болот. Анткени, эмгек жолун тээ айылдан баштап, райондук, облустук, республикалык жетекчилик кызматтарды аркалаптыр. Бардык жерде таза, жоопкерчилик менен иштеп келаткан ɵтɵ саналуу адамдардын бири. Кызматынан пайдаланып бизнес жасаган жок, бюджеттин акчасына кол салбады. Анан ушундай адамга ишенбегенде кимге ишенебиз?

Менин каалоом, эгерде президент болуп шайланып калса, Ак-Талааны түндүк-түштүк альтернативалык жолуна коштурса. Мындан башка дагы бир чоң маселе: райондо суу сактагыч (БСР) куруу зарыл. Муну менен 3 миң гектарга жакын жер сугат жерге айланмак.

Жээнбеков шайланып калса, ушул мен айткан маселелер оң жагына чечилеринен үмүтүм чоң.

Маметбай Тилекбаев, район тургуну:

- Биздин райондо миңдеген гектар жерлер айдалбай, ɵздɵштүрүлбɵй жатат. Себеби, сугат суу жетпейт. Эгерде ушул маселе оң жагына чечилсе, миңдеген гектар жерлерге эгин айдалып, айыл чарба ɵсүмдүктɵрү ɵстүрүлүп, бул элдин турмуш деңгээлин кɵтɵрүүгɵ ɵбɵлгɵ болмок. Ошондуктан мен Сооронбай Жээнбековдон президент болуп калса, ушул кɵйгɵйлɵрдү чечип беришин суранып кетем. Жээнбековго президенттик шайлоодо ийгилик каалап, жеңишке жетишине тилектешмин. Ɵзүм да үй-бүлɵм менен аны колдоп жатабыз.

Тимурлан Токтобек уулу, район тургуну:

- Мамлекеттин ɵнүгүүсү ɵндүрүшкɵ байланыштуу эмеспи. Ɵндүрүш ɵнүккɵн жерде жумуш орундары бар. А жумуштары бар жарандардын турмуш шарты жаман болбойт. Кыргызстанда өндүрүлгɵн продукцияларын ɵлкɵ ичине эле эмес, сырт жактарга экспорттогон ишканаларды куруу керек. Ɵнɵр жай тармагын билген, түшүнгɵн адам катары Сооронбай Жээнбековго ушул ɵндүрүшкɵ ɵзгɵчɵ кɵңүл буруп, аймактардагы жумушсуздук маселесин чечүүсүн суранам. Президент болуп калса, бул тармактагы абалыбыз оңолор деп ишенип турабыз.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к. 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 18.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий