• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен: саат 12:00гө карата шайлоочулардын 10,2 пайызы добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Баткен облусунда КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого добуш берүү өз нугунда жүрүп жатат, - деп билдирет облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча, саат 12:00гө карата шайлоого катышкан жарандардын саны 31 миң 251ди түздү, башкача айтканда, 10,2 %ды түздү. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 30 миң 855 жаран добуш берип, пайыздык көрсөткүч 10,1ге жеткен.

"Учурда алынган сааттарга карата эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок. Шайлоо өнөктүгү белгиленген талаптагыдай санитардык эрежелерди сактоо менен улантылууда", - деп кошумчалашты облустук администрациядан.

Боршайкомдун маалыматына таянсак, саат 12:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо партияларга 339 миң 785 жаран добуш берди. Ал жалпы шайлоочулардын 9,17 пайызын түзөт. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран киргизилген.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарында 329 миң 965 шайлоочу (9,12%) добуш берди. Бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292ни түзөт.

Чет өлкөлөрдө тизмеге кирген 84 миң 128 жарандын ичинен 1 миң 518 (1,8%) адам өз тандоосун жасады.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий