• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде энергетиктер пландалган техникалык тейлөө иштерин баштады

Аймак 0


Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта Баткенде энергетиктер пландалган техникалык тейлөө иштерин баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Учурда "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААКтын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасынын Көмөк чордондор кызматы пландалган техникалык тейлөө иштерин жүргүзүүдө.

2024-2025 күз-кыш мезгилине карата даярдыктын алкагында жасалып жаткан бул иштердин натыйжасында төмөнкүдөй жумуштар жасалууда:

- трансформаторлордун жалпы техникалык абалын жакшыртуу;
- трансформатор майынын көлөмүн аныктоо;
- өткөрүмдүүлүк каршылыгынын талапка ылайыктуулугун тактоо;
- ажыраткычтарды текшерүү.

Пикир

Оставить комментарий