• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бажы кызматынын кичифутбол командасы эл аралык турнирде 1-орунду ээледи

Коом 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. КР Мамлекеттик бажы кызматынын кичифутбол командасы Белоруссиянын Брест шаарында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынын командаларын арасында өткөн IX эл аралык турнирде биринчи орунду ээледи.

Ведомстводон билдиргендей, иш-чара бажы кызматтарынын ортосунда достук байланышты чыңдоо максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

Спорттук иш-чарага Белорусь, Азербайжан, Армения, Кыргызстан, Латвия, Молдова, Россия, Словакия жана Украинадан келген спортчулар катышты.

Биринчи турда "эң күчтүү" деген наам үчүн Беларусь, Россия, Кыргызстандын курама командалары, ошондой эле РУИ "Белтаможсервис" ат салышкан.

Бардык беттештер “Виктория” спорт комплексинде өтүп, командалар өз ара “ар бири менен” схемасы боюнча ойношту. Андан соң кайчылаш оюндарда үчүнчү орунга талапкерлер жана турнирдин финалисттери аныкталды.

Топтук жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан жарым финалда Россиянын командасы менен беттешип, ишенимдүү жеңишке жетти.

Финалдык оюнда Кыргызстан Беларуссиянын командасы менен беттешип, биринчи орунду ээледи.

Салт боюнча мелдештин катышуучулары үчүн Брест облусунун кооз жерлерине баруу менен маданий программа уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий