• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министрлиги: 23-майга карата 1-класска 68 миңдей бала кабыл алынды

Билим 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. 2023-жылдын 10-апрелинен 23-майына чейин билим берүү мекемелерине электрондук каттоонун маалыматтык системасы аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына 67 миң 893 бала катталып, анын ичинен 1 миң 287 бала жеңилдетилген тартипте.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2023-2024-окуу жылына карата 2 миң 84 мектепте 185 миң 549 орун каралган.

23-майга карата электрондук каттоо боюнча эң жогорку активдүүлүк – Нарын облусунун Жумгал районунда (балдардын 67%ы катталган), ал эми эң төмөнкү көрсөткүч – Баткен облусунун Сүлүктү шаарында белгиленген (21%). Республика боюнча 999 бала мектепке кабыл алууну күтүүдө.

Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-класстарына электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, биринчи этапта балдар ата-энелери катталган дарекке тийиштүү мектепке катталса (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этапта ата-энелер бош орундары бар каалаган мектепти карабай (26-июндан 31-августка чейин) тандай алышат.

Пикир

Оставить комментарий