• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытайдын Чанша шаары менен Бишкектин ортосунда бир тууган шаар байланышын түзүү ниети айтылды

Коом 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын делегациясы расмий иш сапары менен Кытайдын Чанша шаарында жүрөт.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, делегациянын курамында Бишкек мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, КР президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын эксперти Улан Бакиров жана журналисттер тобу бар.

Иш сапардын алкагында Чанша шаарынын элдик өкмөтүнүн орун басары Gao Wenqi менен жолугушуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаарларды өнүктүрүү маселелерин, соода-экономикалык, маданий жана социалдык чөйрөлөрдө кызматташуунун келечегин, ошондой эле Бишкектин Чанша шаарынын технологияларын колдонуу менен инфраструктура тармагында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Мындан тышкары, эки шаардын өкүлдөрү Чанша менен Бишкектин ортосунда бир тууган шаар байланыштарын түзүү боюнча келишим түзүү ниетин билдиришти.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэринин орун басары жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, тараптар шаарлар ортосундагы эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий