• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөн айланма жолун куруу үчүн Кара-Дарыянын жээги бекемделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Өзгөн айланма жолун куруу үчүн Кара-Дарыянын жээги бекемделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин президент Садыр Жапаров Өзгөн шаарын айланып өткөн айланма жол куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Мындай чечим Бишкек — Ош унаа жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол кыймылын азайтуу максатында кабыл алынган.

"Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке айланма жолду салуу үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо жана жол куруу маселесин иштеп чыгуу тапшырылган. Анын негизинде айланма жол өтүүчү Кара-Дарыянын эки жээгин бекемдөө иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан колго алынган", - деп айтылат маалыматта.

Жумуштун жүрүшү менен өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов жеринде кабар алып, тийиштүү тапшырмаларды берди.

Учурда ӨКМ тарабынан жалпы 26 техника бөлүнүп, дарыянын сол жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий