• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек эл аралык кинофестивалы салтанаттуу жыйынтыкталып, мыкты тасмалар аныкталды

Маданият 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 21-ноябрда Бишкек эл аралык кино фестивалдын салтанаттуу жабылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ага маданият министри Алтынбек Максутов, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирлан Байгончоков, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, чет элден келген жана жергиликтүү кино ишмерлер, кино күйөрмандар катышты.

Алтынбек Максутов аземди ачып жатып Бишкек эл аралык кино фестивалы ар тармактуу жана максаттуу өткөнүн атап айтканда, эл аралык жана улуттук тасмалар сынакка коюлуп, семинарлар, мастер-класстар жана питчингдер ар аянтчаларда өткөрүлүп, бул иш-чаралар ар өлкөдөн келген кино ишмерлерине жакындан таанышууга, сабак алууга, пикир алышууга, орток долбоорлорду ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүктү бергенин баса белгилеп, Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгынын урматына өткөн фестиваль өтөсүнө жеткенин жана мындан аркы сапары байсалдуу болушун каалады.

Аземдин жүрүшүндө айрым кино ишмерлерине Кинематографисттер Союзунун, Бишкек мэриясынын, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун атайын сыйлыктары жана медалдары тапшырылды.

Фестивалда CAF Питчинге сунушталган 10 долбоордун ичинен жеңүүчү болуп Асель Айшакимова менен Асель Ержанованын "Эсепти Төлө" долбоору табылды.

Улуттук сынакка коюлган 8 тасманын ичинен “Акыркы көч” (Режиссёрлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу) Гран-Принин ээси болду.

Ошондой эле ”Мыкты режиссер”- Айбек Дайырбеков "Эрмен жыты" тасмасы менен, "Мыкты актер" - Артык Сүйүндүков "Көл" тасмасындагы ролу үчүн (режиссер Эмил Атагелдиев), "Мыкты көркөм аткаруу" - Акжол Бекболотов "Шамбала" тасмасындагы оператордук иши үчүн (режиссер Артыкпай Сүйүндүков) сыйланышты.

"Сагынбай Манасчы" (режиссер Эрнест Абдыжапаров) тасмасына атайын сыйлык ыйгарылды.

Ал эми эл аралык кино сынакка коюлган 10 тасманын ичинен Гран-Приге “Жекшемби” (Өзбекстан, режиссёр Шокир Холиков) тасмасы татыды. "Мыкты режиссер" сыйлыгын - Актан Арым Кубат "Эсимде" тасмасы менен алса, "Эркектин мыкты ролу"-"Чыйыр" тасмасы. (режиссер Михаил Кулунаков) татыды. Калыстар тобунун байгеси казакстандык режиссер Кенжебек Шайкаковдун "Айгай" тасмасына ыйгарылды.

Белгилесек, Бишкек эл аралык фестивалы алгачкы жолу өткөрүлдү. 17-ноябрда старт алган.

Пикир

Оставить комментарий