• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы "Кыргызмобайлкомпани" менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы "Кыргызмобайлкомпани" менен кызматташат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, коомдук транспортту өнүктүрүү үчүн кызматташуу жөнүндө меморандумга калаа башчысы Айбек Жунушалиев жана "Кыргызмобайлкомпани" (ТМ MegaPay) ЖЧК башкармалыгынын төрагасы Азамат Жамангулов кол койду.

Меморандумдун негизги максаттарынын бири жарандарды муниципалдык коомдук транспортто жүрүү үчүн накталай эмес төлөмгө өтүүгө түрткү берүү болуп саналат.

Пилоттук долбоордун алкагында төлөм системасынын оператору жарандарга жол акысын накталай эмес түрдө төлөө үчүн QR-кодду колдонуу менен MegaPay системасы аркылуу төлөөдө жарым-жартылай компенсация берет.

Айбек Жунушалиев мындан аркы кызматташуу боюнча бир нече идеяларды сунуштады. Атап айтканда, бул муниципалитет үчүн бирдиктүү биллинг системасын түзүү, транспорт, турак-жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, ошондой эле пилоттук режимде ишке киргизилип жаткан электрондук парковка системалары жана башкаларга тиешелүү.

Меморандум шаардын транспорт системасын жакшыртуу жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында маанилүү кадам болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий