• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек, Ош же Чолпон-Атада жашабасаң, Көчмөндөр оюндарына билетти кантип сатып алуу керек?

ДКО 2018 0

Бишкек, 07.08.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземдеринин билеттери Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында сатылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.

Анын айтымында, билеттер аталган шаарлардын почта бөлүмдөрүндө сатылууда. Дагы бир билеттерди сатуу пунктун Бишкектин борборундагы Военторгдун алдына ачышты.

“Нарын, Талас, Жалал-Абадда жашаган адамдар билеттерди кантип сатып алышы керек? Биз бул тууралуу ролик жасаганбыз. Биз мобилдик тиркеме жасап жатабыз. Ал жерге аты, фамилиясы, орду, билеттин баасы жазылат. Ал үчүн төлөмдү Visa картасы аркылуу ишке ашыруу керек. Бул картанын алдыңкы жана арткы панелинде эки код бар. Төлөгөндөн кийин өзүңдүн сүрөтүңдү киргизүү керек. Ошентип билетти сатып алууга болот”, - деп түшүндүрдү ал.

Темирбекова ачылыш аземдеги 4,5, 4,9 миң сомдук орундардын билеттери калбай калганын билдирди.

Анын айтымында, Көчмөндөр оюндарынын билеттери жакшы сатылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий