• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкек ЖЭБинде аварияга каршы система иштей баштаган – "Электр станциялары" ишканасы

Коом 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева "Кабар" агенттигине ЖЭБде эч кандай авария болбогонун билдирди.

Анын айтымында, аварияга каршы система иштей баштаган. "Соцтармакта ЖЭБде түтүн чыгып жатат деген маалыматтар тарап жатат. Ал түтүн эмес, буу. Буу жабдууларга зыян келтирбеси үчүн кое берилген", - деп билдирип, кийинчерээк толук маалымат бериле тургандыгын кошумчалады.

Буга чейин агенттикке күбөлөпр билдиргендей, ЖЭБдин аймагында катуу үн чыгып, буу чыга баштаган.

Пикир

Оставить комментарий