• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Адам укугун коргоонун эл аралык күнүнө арналган конференция болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-декабрда, Бишкек шаарында Адам укугун коргоонун эл аралык күнүнө арналган конференция болуп өттү.

Иш-чара КР Акыйкатчы институту тарабынан уюштурулуп, ага КР Акыйкатчысынын орун басарлары, аппарат жетекчиси, КР президентинин администрациясынын өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты, бир катар министрликтердин, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана зордук-зомбулукту алдын алуу тууралуу сөз болду.

Конференциянын алкагында КР Акыйкатчы аппаратынын 2021-жылдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле “КР Акыйкатчысы жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорунун бет ачары болду.

Иш-чаранын аягында адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого кошкон салымы үчүн бир катар жарандык активисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү сыйланды.

Эскерте кетсек, 1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан алгачкы эл аралык документ — Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган. Анда инсандын негизги укуктары жазылып, алар менен бирге эркиндигин да коргоонун негизги принциптери түзүлгөн. Азыркы учурда аталган документ жана анын жоболору мамлекеттин демократиялык негиздерин бекемдөөдө чечүүчү ролду ойнойт.

Кыргыз Республикасы — дүйнөлүк шериктештиктин адамдын жана жарандын укуктарын чыңдоо, зомбулуктан коргоо, тургундарга татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылууга байланышкан демилгелерди колдоого алган тең укуктуу мүчөсү. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, күчүнө кирген эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери өлкөнүн мыйзамдар тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий