• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте дирижёр Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына карата конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 31.10.23./Кабар/. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң залында СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, дирижёр Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына арналган конференция өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, ошондой эле иш-чаранын катышуучулары үчүн атайын даярдалган концерт тартууланды.

Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, бир катар маданият өкүлдөрү, окутуучулар жана студенттер катышты.

"Бүгүн биз улуу дирижер Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгын сыймыктануу менен белгилеп жатабыз. Асанкан Жумакматов музыка дүйнөсүндөгү чыныгы кенч жана анын музыка искусствосуна тийгизген таасири баа жеткис. Залкар инсаныбыздын жаратып кеткен даңазалуу чыгармалары менен биз дайыма сыймыктанабыз", - деди Кайрат Иманалиев.

Пикир

Оставить комментарий