• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте башталгыч класстардын мугалимдери үчүн семинар өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Бишкектеги №42 орто мектебинин башталгыч класстардын мугалимдери үчүн «1-класста окутууну уюштуруу» темасында семинар өткөрүлдү, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Семинарга Бишкек шаарынын башталгыч класстарынын адиси А.К.Мусаева жана борбордун төрт районунан келген 47 жаш мугалим катышты. Алар башталгыч класстарда окутуунун жаңы ыкмаларын жана технологияларын үйрөнүштү.

Бул семинар Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий