• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Көлбаевдин иши. "Күрмөнтүцементтин" 93,17% акциясы мамлекетке өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. "Күрмөнтүцемент" ААКтын 93,17% акциясы КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында, УКМК тарабынан Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) боюнча бир катар кылмыш иштерин иликтөөнү улантылууда.

Тергөөдө К.Асанбек жасалма жана жеке компаниялар аркылуу, Ысык-Көл облусундагы эң ири өндүрүш ишканасынын – мурда жогорку сорттогу цемент чыгарган - Күрмөнтү цемент заводунун ишин көзөмөлгө алгандыгы аныкталды. "Күрмөнтүцемент" ААКты мындан ары төмөндөтүлгөн рыноктук баада жеке менчикке өткөрүү максатында К.Асанбек тарабынан адамдар өндүрүштүк ишкананын банкрот болушуна жасалма шарттарды түзүшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, ишканада өндүрүштү жандандыруу максатында, (6,83% акция цемент заводунун кызматкерлеринин ичинен жеке адамдарга таандык), "Күрмөнтүцемент" ААКтын 93,17% акциясы КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий