• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте батирден пенсионердин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Бишкекте батирден пенсионердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Чүй проспектисинде жайгашкан үйдүн батиринен 75 жаштагы аял кишинин сөөгүн табышкан.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Эшик ачууга 5 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий