• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте BMW X7 жана Audi C4 унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Бишкектин Баба-Ата менен Иманкулов көчөлөрүнүн кесилишинде BMW X7 жана Audi C4 унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгы бүгүн саат 09:00дөр чамасында болуп, анда Audi C4 Баба-Ата менен Иманкулов көчөлөрүнүн кесилишинде BMW X7 унаасы менен кагышкан.

Кырсыктан Audi унаасынын айдоочусу жабыркаган.

Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий