• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте дагы бир "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды

Коом 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Бүгүн, 2-апрелде Бишкектеги №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунда кезектеги мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, дарыкананын ачылыш аземи саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана үй-бүлөлүк дарыгерлердин катышуусунда өттү.

Министр Бейшеналиев мындай демилгелердин маанилүүлүгүн, дары-дармектердин жеткиликтүү баада болушу ден соолуктун гана эмес, социалдык адилеттүүлүктүн да маселеси экенин белгиледи.

"Арзандатылган баалар, кеңири ассортимент жана мындай дарыканаларды бардык аймакка жайылтуу менен медициналык тейлөөнүн сапатын жана өлкөдөгү жалпы ден соолуктун деңгээлин жогорулатууга жардам берет", - деди ал.

"Эл Аман" дарыканасы эң зарыл дарылардын тизмесине кирген дары-дармектердин кеңири ассортиментин сунуштайт. Мамлекеттик дарыканаларында дары-дармектерге арзандатуу 10-15% түзөт, бул калктын кеңири катмары үчүн керектүү дары-дармектерге жетүүнү кыйла жеңилдетет.

Пикир

Оставить комментарий