• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте ЕККУ ПАнын сессиясын өткөрүү чоң маанини камтыйт – КРнын Австриядагы элчиси

Саясат 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү отурумун Бишкекте өткөрүү чоң маанини камтыйт. Бул тууралуу Кыргызстандын Австриядагы элчиси, ЕККУнун алдындагы КРнын өкүлү Бакыт Жусупов билдирди.

Анын айтымында, бул биринчи кезекте ЕККУнун Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүн тааныгандыгы болуп эсептелет.

“Кыргызстан үчүн бул аябай чоң иш-чара. Бул ЕККУнун 57 өлкөсүнүн биздин өлкөдө болуп жаткан демократиялык өнүгүүнү, демократиялык процесстерди тааныгандыгы”, - деди ал.

Ал эки күндүк сессиялык отурумдардын жүрүшүндө негизги талкуу темасы Борбордук Азиядагы коопсуздук маселеси болорун билдирди.

“Борбордук Азияда учурда кызматташтыктын жаңы руху байкалууда. Ошол эле учурда жаңы чакырыктар пайда болууда, биз ЕККУнун алкагында кызматташтыктын жаңы жолдорун ачуу менен алардын чечүү жолдорун таба алабыз”, - деди Жусупов.

Эске салсак, ЕККУ ПАнын күзгү отурумунун расмий ачылышы кечээ, 4-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн.

Пикир

Оставить комментарий