• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте энергетиктер жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын үйрөнүштү

Коом 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасында жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча окуу өттү, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, "Бишкекжылуулуктармагы" - "Электр станциялар" ААКтын филиалындагы окуу борборунда Коопсуздук техникасы жана ишенимдүүлүк кызматынын жетектөөчү инженери А.Насымбеков "Коопсуздук эрежелерине" ылайык, биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча пландык окуу өткөрдү.

"«Коопсуздук эрежелеринин" 1.2.13-пунктуна ылайык, ар бир өндүрүштүк персонал электр тогуна урунган адамды бошотуу ыкмалары, ошондой эле биринчи жардам көрсөтүү боюнча тажрыйбалык окуудан өтүүгө милдеттүү.

2024-жылдын 8-январындагы №1 тескемеге ылайык "Медициналык текшерүүлөрдүн жана атайын тренажердогу реанимациянын натыйжалары персоналдын билимин текшерүү күбөлүктөрүнө киргизилет. Бул кадам кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга гана эмес, алардын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгына оперативдүү көзөмөлдү камсыздоого багытталган.

Окуунун жыйынтыгы боюнча ар бир катышуучу тренажердун жардамы менен реанимация ыкмалары боюнча керектүү практикалык билимдерди алышты.

"Биздин кызматкерлер биздин байлыгыбыз! Ар бир кызматкердин өмүрү бизге абдан маанилүү. Кээде адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн тез жардам көрсөтүү, медициналык кызматкерлер келгенге чейин биринчи жардам көрсөтүү менен адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн", - деп баса белгиледи А.Насымбеков.

Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар бекитилген графиктин негизинде жыл сайын өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий