• 88.68
  • 95
  • 0.95

Орунбеков: Бажы тармагы боюнча кирешенин өсүү темпи жогорулады

Коом 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Бажы тармагы боюнча кирешенин өсүү темпи жогорулады. Акыркы 2 жылда бул тармактын кирешеси пландан ашыгы менен аткарылып жатат.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, 2022-жылы бажыдан 74,3 млрд сом чогулган.

"2023-жылдын январь-февраль айындагы көрсөткүчтөр дагы ийгиликтүү башталды. Бажы кызматы 2023-жылдын январь айында республикалык бюджетке 6 млрд 42 млн сом акча чогултту. Бул көрсөткүч коюлган пландан 316,4 млн сомго ашыкча", - деди ал.

Орунбеков кошумчалагандай, 2023-жылдын февраль айында 6 млрд 488 млн сом чогулган.

2017-2023-жылдардын февраль айындагы чогулган бажы төлөмдөрүн салыштырсак:

2017-жылы 1,9 млрд сом
2018-жылы 3,2 млрд сом
2019-жылы 2,7 млрд сом
2020-жылы 1,8 млрд сом
2021-жылы 2,8 млрд сом
2022-жылы 4,7 млрд сом
2023-жылы 6 млрд 488 млн сом түштү.

Пикир

Оставить комментарий