• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. 22-23-февралда Р. Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде грек-рим күрөш боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Мелдештин жүрүшүндө 55, 60, 63, 72, 77, 82, 87, 97, 130 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.

Мелдештин программасы: башталышы 22-февраль, саат 11:00;

Салтанаттуу ачылыш аземи: 22-февраль, саат 12:00.

Белгилей кетсек, грек-рим күрөш боюнча өлкө чемпионаты "Тайманбас" Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жана Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий