• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Бишкекте ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кармалган 48 жаштагы У.Н. аттуу жаран болуп чыкты.

Тергөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 9-январда Бишкектин Жибек Жолу жана Республика көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктөн "Тойота Эстима” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 24 жаштагы У.А. аттуу кызды сүзүп кетип, кыз окуя болгон жерде көз жумган. Ал ИИМ Академиясынын курсанты болгон.

Пикир

Оставить комментарий