• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бүгүн Йога күнү белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-июнда "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдындагы аянтчада 8- Эл аралык йога күнүнө карата масштабдуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чараны мэрия Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте өткөрүүдө.

"Йога күнү белгилөө эки бөлүктөн турат: Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда массалык йога сабагы жана маданий программа. 500гө жакын катышуучу тажрыйбалуу инструкторлордун жетекчилиги астында йога көнүгүүлөрүн жасашат", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын негизги максаты - Covid-19 пандемиясынан кийин жарандарды сергек жашоого жана активдүү эс алууга тартуу болуп саналат.

Башталышы саат 18:00дө.

Маалымат үчүн: Йога - дене менен рухтун биримдигин камтыган байыркы индиялык салт. Дене менен жан дүйнө сергектигинин этикалык маданияты болуп саналат. Денени жана жан дүйнөнү ар кандай татаалдыкта жакшыртуу, ой жүгүртүүгө ыңгайлуу болгон абалдарга денени көндүрүү.

2014-жылы БУУ эл аралык йога күнүн белгилөө боюнча резолюция кабыл алган. Резолюцияны 177 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан да колдоп, ошондон бери чоңдор менен балдар, айымдар менен мырзалар чогулуп, йога менен машыгышат. Акыркы жети жылдын ичинде Эл аралык йога күнү Бишкекте жана Кыргызстандын башка шаарларында абдан ийгиликтүү белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий