• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 4 батир күйдү

Кырсык 0


Бишкек, 17.10.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы 8-кичирайондо көп кабаттуу үйдүн 4 батири өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-кичирайондо жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 3-кабатынан өрт чыгып, №61-62-батирлери, 4-кабаттын №65-66-батирлери, 5-кабаттын №69-70 батирлердин балкону, чатырдын жыгачтары, 2 даана устун, 6 терезе жана 6 эшик, жалпы 60 чарчы метр аянты күйгөн.

Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, дем алыш күндөрү Кыргызстандын аймагында 35 өрт кырсыгы катталып, 36 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Пикир

Оставить комментарий