• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кафедеги атышуу: Милиция кызматкери күнөөсүн мойнуна албай жатат

Кырсык 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкери кафедеги тоноочулуктун алдын алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахманов билдирди.

Анын айтымында, 5нен 6-октябрга караган түнү 102нин пултуна кафедеги атышуу тууралуу чакырык түшкөн. Окуя болгон жерге Биринчи май РИИБнин жетекчилиги, ШИИББ боюнча ыкчам тергөө тобу жана ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери барышкан.

“Жабырлануучудан сумкасын жана телефонун алып коюшкан. Тоноочулук фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, үч кыз кармалган. Алардын бири жашы жете элек. Алардын баары олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү. Милиция кызматкеринин айтымында, ал абага ок чыгарган эмес, аталган тоноочулуктун алдын алган. Кармалган кыздардын жанында болгон бала качып кеткен. Анын өздүгү аныкталды. Тоноочулукка катыштыгы бар төртүнчү адамды кармоо үчүн бардык чаралар көрүлүп жатат”, - деди Рахманов.

Анын айтымында, кафеде үч кыз жана бир эркек жабырлануучуну тоноп жаткандыгы көрүнгөн видео бар.

Аталган факт боюнча бардык материалдар прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий