• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу маселеси каралууда

Коом 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы борбор калаага көп кабаттуу унаа токтоочу жайларды куруу маселесинин үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, биринчи унаа токтоочу жай жакында Лев Толстой көчөсүндө пайда болот.

“Патрис Лумумба атындагы көчөсүндө (Кудайберген базары), Жукеев-Пудовкин жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Псков жана Сухомлинов көчөлөрүндө дагы үч унаа токтотуучу жай курууну пландап жатабыз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий