• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстан, Өзбекстан Россиянын прокуратура кызматкерлери катышкан семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстан, Өзбекстан, Россиянын Башкы прокуратура кызматкерлери катышкан семинар өттү.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, эл аралык семинар Кыргызстандын, Россиянын жана Өзбекстандын Башкы прокуратураларынын ортолорунда кол коюлган 2022-2023-жылдарга карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүү Пландарынын алкагында 18-19-май күндөрү өттү.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө активдүү маалымат жана тажрыйба алмашышты, Интернет тармагында экстремисттик жана террористтик идеологиялардын жайылышына каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу стратегияларын жана ыкмаларын талкуулашты. Өзгөчө көңүл кылмыш ишин козгоодон баштап, аларды соттук териштирүүгө чейинки жазык процессинин бардык этаптарында прокурордук көзөмөлдүн практикасына бурулду.

Андан тышкары, эл аралык бириккен семинардын алкагында катышуучулар жазык сот адилеттиги жаатындагы эл аралык кызматташтыкка байланыштуу маселелерди, анын ичинде изделип жаткан адамдарды өткөрүп берүү жана өз ара укуктук жардам көрсөтүү жол-жоболорун талкуулашты. Өз ара укуктук жардам жөнүндө эл аралык суроо-талаптарды кароо жана аткаруу өзгөчөлүктөрү каралды.

Иш-чара Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан заманбап коркунучтарга натыйжалуу каршы туруу максатында ишке ашырылып жаткан демилгелердин кеңири спектринин бир бөлүгү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий