• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте спорттун бир нече түрү боюнча мэрдин кубогу үчүн мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрынан 11-декабрына чейин Бишкек шаарынын мэринин кубогу үчүн түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңештин арасында мелдештер өтөт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт: кичи-футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, аркан тартыш.

"Бишкек шаарынын мэринин кубогуна катышуу үчүн 25тен ашык команда арыз берген", - деп айтылат маалыматта.

Мелдештин алдын ала графиги:

  • Кичи-футбол боюнча оюндар 2022-жылдын 19-ноябрында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде башталат;
  • Волейбол боюнча оюндар 2022-жылдын 20-декабрында №62 мектеп гимназиясынын спорт залында башталат;
  • Спорттун калган түрлөрү боюнча мелдештер 2022-жылдын 3-декабрында башталат.

Пикир

Оставить комментарий