• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте темир эритүүчү цехтен ири өрт чыкты. Сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Бишкекте ири өрт кырсыгы катталып, 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча, Ленин районунун Чыңгыз Айтматов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ленин заводунун аймагындагы темир эритүүчү цехтен өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 3 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Штаб жана ККББдан ыкчам топ тартылды. Мындан сырткары, Бишкек шаардык суу чарба башкармалыгынан 1 бригада тартылган.

Өрт саат 07:23тө чектөөгө алынган. Өрттүн аянты болжол менен 500 куб метрди түзөт. Жабыркагандар жок.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий