• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте тигүү цехинен өрт чыкты – сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 21.08.22./Кабар/. Бишкектин Дачная көчөсүндө жайгашкан тигүү цехтен өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм, Штаб, саат 05:59да ККББдан ыкчам топ тартылган.

Тилсиз жоо 06:35те чектөөгө алынып, толук саат 09:12де өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда.

Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий