• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Toyota Prius үлгүсүндөгү унаа уурдалган. Шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Бишкекте Toyota Prius унааны уурдоого шектүү кармалганын Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 27-январда Ленин райондук милициясына М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда үстүбүздөгү жылдын 15-16 январь күнү белгисиз бирөөлөр Кочкор көчөсүндө жайгашкан автосалондун ичинде токтоп турган Тойота Prius үлгүсүндөгү автоунаны айдап качып, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу”) фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Н.Ж. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Шектүү Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө карата бир айлык мөөнөткө кармоо менен камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулган.

Aтайын тергөө амалдарын жүрүшүндө, уурдалган автоунаа Ленин районунун аймагында табылып, арыз ээсине кайтарылып берилген.

Пикир

Оставить комментарий