• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө ачылды

Коом 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Бишкекте Турусбеков – Манас көчөлөрүн бойлой Чоң Чүй каналы аркылуу өткөн жаңы көпүрө ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

“Долбоор боюнча эски жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн ордуна унаа көпүрөсү курулду. Реконструкциядан кийинки узундугу 36,5 метр, туурасы 11 метр, ошондой эле эки тарабында туурасы 2,25 метрди түзгөн коопсуз жөө адамдар өтүүчү жолу бар.

Белгилей кетсек, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында Ташкент көчөсүнөн баштап Щербаков көчөсүнө чейинки узундугу 2,23 чакырымды түзгөн Турусбеков – Манас көчөлөрүн бойлой реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү”, - деп белгилешти мэриядан.

Жол куруу иштери Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен “China Road and Bridge Corporatio” подряддык уюму тарабынан жүргүзүлдү.

Ал эми авариялык абалдагы көпүрөнү демонтаждоо иштери Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий