• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жалпы 429 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 112си медицина, 44ү милиция кызматкерлери

COVID - 19 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарында жалпы 429 адам коронавирус жуктурган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, ооруга чалдыккан 429 адамдын ичинен 112си медицина кызматкерлери, 44ү ички иштер органдарынын кызматкерлери.

"Азыркы күндө Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканадан 273 адам айыгып чыгарылды. Статистика боюнча коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын көбү Ленин районунун аймагында жашайт, алар –118. Октябрь районунда – 91, Биринчи май районунда – 65 жана Свердлов районунун аймагында 58 адам илдетке чалдыккан", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий