• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жаштардын илимий-техникалык чыгармачылык көргөзмөсү өткөрүлдү

Коом 0

Бишке, 02.03.22. /Кабар/. 1-мартта Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда “STEM GIRLS FEST 2022” жаштардын илимий-техникалык чыгармачылык көргөзмөсү өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси тарабынан Кыргызпатенттин өнөктөштүгү астында Кыргызстандагы БУУнун балдар фондунун (UNICEF) колдоосу менен уюштурулду.

Көргөзмөнүн ачылышында Кыргызпатенттин директору Р. Керимбаева сөз сүйлөп, жаратман кыздар мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу түрдө натыйжалуу пайдаланууну менен интеллектуалдык ресурстарын экономикалык активге айландырып, келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошо тургандыгына ишеним артаарын билдирди.

Көргөзмөгө 7-10-класстарынын окуучу кыздарынын ойлоп табуулары, инновациялык иштелмелери жана жаңы инженердик чечимдери коюлду.

Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты эмгектер тандалып алынып, сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий