• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жылытуу мезгилине даярдык кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын адистери алдыдагы жылуулук берүү мезгилине жылуулук менен камсыздоо объектилерин даярдоо боюнча иштерди жигердүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда "Горархив", "№50 ОМ" жана "№83 ОМ" отканаларында косметикалык, ошондой эле от казандар, насостор жана электр кыймылдаткычтарын оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле мембрандык бак, вентилдер, ачып-жабуучу бекиткичтер жана кайтарым клапандар, жылуулук суу түтүктөрү алмаштырылууда.

Эске сала кетсек, ишкана шаардын батыш бөлүгү тейлейт: Жал кичи району, Газшаарчасы, Аскер шаарчасы жана Совмин конушу, шаардын калган бөлүгүн "Бишкекжылуулуктармагы" ААК жылуулук менен камсыз кылат .

Пикир

Оставить комментарий