• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги эпидкырдаал. ҮМБда дарылоо бөлмөлөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 10.07.21. /Кабар/. Бишкекте эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, деп билдирет борбор калаанын мэриясынан.

Алардын маалыматы боюнча, азыркы учурда медициналык кызматкерлер күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

«Ошондой эле биз COVID-19 вирусунун жайылышын токтотуу үчүн бардык күчүбүздү жумшап жатабыз. Борбор калаада эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу элге медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн көтөрүү үчүн үстүбүздөгү жылы майдан тартып калаадагы үй-бүлөлүк медициналык борборлордо (ҮМБ) дарылоо бөлмөлөрүнүн иш убактысы узартылган»,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, муниципатеттен дарылоо бөлмөлөрүндө бейтаптар саат 08:00дөн 20:00гө чейин венага, булчуңга жана теринин астына укол ала алышаарын эскертти.

«Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги COVID-19 менен ооруган бейтаптар үчүн кошумча орундарды ачышканын дагы бир жолу белгилецбиз, ал эми дарылоо бөлмөлөрү вирус жуктурбагандарга арналган»,-деп билдирет Бишкек мэриясынан.

Дарылоо бөлмөлөрүндө ийне сайдыруу үчүн бейтаптарда сөзсуз түрдө дарылоочу дарыгердин мөөрү менен жазуу түрүндөгү дайындоосу керек.

Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясы ишеним теефондорун жана Бишкектеги ҮМБ каттоо номерлерин эске салат:

- Ленин райондук БҮМБ: 0990 88 80 30, 0312 64 45 42;

№2 ҮМБ: 0990 88 80 28, 0312 21 03 57;

№11 ҮМБ: 0990 88 80 29, 0312 31 10 60;

№12 ҮМБ: 0990 88 80 31, 0312 21 17 32;

№13 ҮМБ: 0990 88 80 32, 0312 65 73 88;

№17 ҮМБ: 0990 88 80 33, 0312 55 11 06.

- Октябрь райондук БҮМБ: 0990 88 80 36, 0312 57 02 84;

№15 ҮМБ: 0990 88 80 15, 0312 42 69 62;

№18 ҮМБ: 0990 88 80 35, 0312 56 82 33;

№19 ҮМБ: 0990 88 80 19, 0312 57 13 67.

- Биринчи май райондук БҮМБ: 0990 88 80 71, 0312 32 52 32;

№7 ҮМБ: 0990 88 80 72, 0312 66 20 44;

№14 ҮМБ: 0990 88 80 73, 0312 67 82 74;

№16 ҮМБ: 0990 88 80 74, 0312 54 13 09.

- Свердлов райондук БҮМБ: 0701 10 30 02, 0312 63 51 23;

№4 ҮМБ: 0701 10 30 01, 0312 43 40 07;

№8 ҮМБ: 0701 10 30 03, 0312 43 39 07;

№9 ҮМБ: 0701 10 30 04, 0312 36 88 30;

№10 ҮМБ: 0701 10 30 07, 0312 38 78 14.

Пикир

Оставить комментарий