• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги кичи автобустарды 2024-жылдын апрелине чейин толугу менен алуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. 2024-жылдын апрель айына чейин Бишкек шаарындагы бардык жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустарды электроавтобустар жана газ менен жүрүүчү автобустар менен алмаштырылат. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, декабрь айынын башында Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы 744 автобус алып келген.

"2024-жылдын апрелине карата автобустардын саны 1500 бирдик жана 120 электробусту түзөт, алардын ар бири 4 дизелдик автобусту алмаштырып, 90-100 тонна дизелдик отундун күйүүсүн жокко чыгарат", - деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал бул жылдын аягына чейин муниципалдык электр такчилерди 120 бирдикке жеткирүү пландалып жатканын белгиледи. Азыркы учурда алардын саны 20ны түзөт.

Пикир

Оставить комментарий