• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Таш-Рабат соода борборунда өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Бишкектеги М. Горький көчөсүндө жайгашкан Таш-Рабат соода борборунун имаратынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган.

"Өрт саат 04:43тө чектөөгө алынып, саат 05:05те толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок жана кырсыктын чыгуу себеби учурда такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий