• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин эки округунан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 27-февралда, саат 20:00дө Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо аяктады.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. Бирок 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов округдарында “баарына каршы” графасы көпчүлүк добушка ээ болуп, кайра шайлоо 27-февралга дайындалган.

Боршайкомдун маалыматына ылайык, саат 18:00гө карата Биринчи май жана Свердлов округдарынан шайлоого 40 миң 970 адам же жалпы шайлоочулардын 18,65 пайызы катышты. Анын ичинен №27 Биринчи май округунда 15 миң 529 (13,73%) адам, №29 Свердлов округунда 25 миң 441 адам (23,88%) добуш берди.

Бишкек шаарында 120 шайлоо тилкеси уюштурулду. Биринчи май районунда 60, Свердлов районунда 60 шайлоо участкасы түзүлдү.

Эки округ боюнча шайлоочулардын саны (контролдук) 219 миң 654 адамды түзөт.

Биринчи май шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоого 110 миң 970 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде – 44 миң 388, орус тилинде – 66 миң 582. Мындан тышкары, Брайл шрифти менен 240 бюллетень жасалган. Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоого 104 миң 788 бюллетень даярдалган. Кыргыз тилинде - 41 миң 916, орус тилинде - 62 миң 872, Брайл арибинде 240 бюллетень жасалган.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин шайлоо фонддоруна 22 млн 915 миң 975 сом каражат түшкөн.

Белгилей кетсек, кайра шайлоого БШК тарабынан 52 талапкер катталып, бирок Биринчи май округу боюнча эки талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.

Пикир

Оставить комментарий